Биз менен байланышыңыз

Франциянын өкмөт башчысы Элизабет Борн отставкага кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Янв 2024 | 291 | 0

Франциянын өкмөт башчысы Элизабет Борн отставкага кетти.

Бул тууралуу Франциянын президенти Эммануэль Макрон «X» (Твиттер) баракчасына жазып, Борн айымга «ишине берилгендиги жана чечкиндүү кадамы» үчүн ыраазычылык билдирди.

Елисей сарайынын сайтында жарыялангандай, премьер-министр менен кошо бардык өкмөт мүчөлөрү отставкага кетти. Алар жаңы өкмөт куралганга чейин милдеттерин аткаруучу болуп иштеп турат.

Франциялык басылмалар жаңы өкмөт башчы 34 жаштагы билим берүү министри Габриэль Атталь болушу мүмкүн экенин жазышууда.

Элизабет Борн Франциянын өкмөтүн 2022-жылдын май айынан бери башкарып келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM