Биз менен байланышыңыз

Ноокатта 23 млн сомдон ашуун каржылык бузуулар аныкталды

Кыска кабар | 9 Янв 2024 | 136 | 0

Ноокат районунун бюджетине жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында 23 млн 30 миң 400 сомдук каржылык бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасы кабарлады.

Палата кызматкерлери 2022-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетин текшеришкен. Анын негизинде төмөнкүлөр аныкталган:

  • бюджет долбоорунун мыйзам талаптарына дал келбеши (киреше булагын туура эмес пландоо) – 954,5 миң сом;
  • бюджетке төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгы, толуктугу, өз учурунда төлөнүшү, ошондой эле туумдарды жана айып пулдарды эсептөө, төлөө боюнча көзөмөлдөө чараларынын көрүлбөшү (бюджетке жана Социалдык фондго кошумча эсептөөлөр) – 1273,8 миң сом;
  • бюджетке милдеттүү төлөмдөрдү чегербөө же толук эмес чегерүү (салыкка, Социалдык фондго кошумча эсептөөлөр) – 86,4 миң сом;
  • максатсыз чыгымдар – 30,5 миң сом;
  • казынага түшпөй пайдаланылган каражаттар –185,5 миң сом;
  • курулуш иштеринин көлөмүн жана баасын негизсиз жогорулатуу – 2191,5 миң сом;
  • эмгек акынын ченемден ашыкча төлөнүшү – 1054,8 миң сом;
  • товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашыкча чыгымдалышы –551,8 миң сом;
  • товардык-материалдык баалуулуктардын, акча каражаттарынын ченемден ашыкча корлору – 270,5 миң сом;
  • отчёт берүүчү кызматкерлердин иштен бошогондон кийинки отчеттуулукка берилген акча каражаттарынын кайтарылбашы – 100,0 миң сом;
  • негизги каражаттарды кириштөө тартибин бузуу, белгиленген тартипте бухгалтердик эсепке алынбай калган, кириштелбеген мамлекеттик (муниципалдык) мүлктөрдүн болушу – 11287,0 миң сом;
  • мамлекеттик (муниципалдык) мүлктүн жана мамлекеттик акча каражатынын кем чыгышы (бузулушу, жоголушу, уурдалышы) – 2023,5 миң сом,;
  • тастыктоочу документтери жок туруп, мүлктү жана товардык-материалдык баалуулуктарды эсептен чыгаруу жана мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү мыйзамга ылайыксыз эсептен чыгаруу – 100,7 миң сом;
  • ижара келишимин бузуу – 45,0 миң сом;
  • эмгек акы, иш сапар чыгымына жана башка чыгымдарга төлөөдөгү бузуулар, ашыкча төлөөлөр – 439,3 миң сом;
  • дебитордук карызды бухгалтердик эсепке алуудагы бузуулар – 2435,8 миң сом.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM