Биз менен байланышыңыз

Бейшеналиев калкты COVID-19га каршы вакцина алууга үндөдү

Кыска кабар | 8 Янв 2024 | 199 | 0

Бүгүн, 8-январда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев COVID-19га каршы Sinovac вакцинасын алып, элди да эмдөөдөн өтүп коюуга үндөдү.

Министр азырынча кооптуу жагдай жок экенин, бирок Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму беткап тагынууга, COVID-19га каршы эмдөө алууга чакырык жасап жатканын билдирди.

«Мен да бүгүн вакцина алдым. Ошондой эле бардык кыргызстандыкты эмдөөдөн өтүп коюуга чакырам. Баарыбыз эмделүү инфекциялык оорулар менен, анын ичинде COVID-19 менен күрөшүүнүн эң таасирдүү ыкмасы экенин түшүнүшүбүз керек. Эмделүү оорулардан коргоп, вирус жугузуп алуу коркунучун азайтат», — деди министр.

Учурда өлкөдө жарактуулук мөөнөтү ушул жылдын июнь айына чейин белгиленген 150 миң доза Sinovac вакцинасы бар. Андан тышкары жакынкы айларда 20 миң доза Pfizer вакцинасы келери болжолдонууда.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти берген маалыматка караганда, учурда жумасына 2-6 бейтап COVID-19 илдетине чалдыгууда.

2021-жылдын март айынан 2023-жылдын декабрына чейин Кыргызстанга жалпы 6 млн 889 миң 780 доза вакцина келген. Булардын 1 млн 548 миң 780 дозасы COVAX программасынын негизинде, 2 млн 780 миң 200 дозасы гуманитардык жардам катары, 2 млн 560 миң 800 дозасы мамлекеттин эсебинен «Синофарм»ишканасынан алынган.

Бүгүнкү күнгө карата 1 млн 700 миң 833 адам биринчи доза менен, 1 млн 516 миң 904 адам экинчи доза менен , 430 миң 329 адам үчүнчү доза менен эмделген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM