Биз менен байланышыңыз

Мыкты драмалык тасма «Оппенгеймер». «Алтын глобустун» лауреаттары аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Янв 2024 | 267 | 0
Киллиан Мёрфи, «Оппенгеймер»

Голливудда аккредитацияланган чет элдик басма сөз ассоциациясы 2023-жылы «Алтын глобус» киносыйлыгынын ээлеринин ысымдарын жарыялады. 81-сыйлык тапшыруу аземи Калифорния штатындагы Беверли Хиллс шаарындагы Beverly Hilton мейманканасында өттү.

Мыкты режиссер

Кристофер Нолан («Оппенгеймер»),

Мыкты драмалык тасма

«Оппенгеймер»

Драмадагы эң мыкты аял жана эркек ролу

Лили Гладстоун («Убийцы цветочной луны»)

Киллиан Мерфи («Оппенгеймер»)

Мыкты мультфильм

«Бала жана куш» (Хаяо Миядзаки),

Мыкты кинематографиялык жетишкендик

«Барби»,

Ошондой эле «Барби» тасмасындагы “Мен эмне үчүн жаралганмын?” ыры мыкты деп табылды.

Голливуддагы чет өлкөлүк басма сөз ассоциациясы «Алтын глобус» сыйлыгын 1944-жылы негиздеген. Лауреаттарды уюмга мүчө жүздөй эл аралык журналист аныктайт.

«Алтын глобусту» алган тасма «Оскар» сыйлыгына башкы талапкер болуп калат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM