Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдөгү эң коопсуз авиакомпаниялардын рейтинги жарыяланды

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Янв 2024 | 206 | 0

AirlineRatings.com порталы 2023-жылдын жыйынтыгы менен эң коопсуз авиакомпаниялардын рейтингин жарыялады.

Рейтингде жалпы 385 авиакомпаниянын учуу коопсуздугун эске алып түзүшкөн. Анда соңку 5 жылдагы авиакырсыктар, соңку 2 жылдагы авариялык окуялар жана авиакомпанияларга карата расмий органдардын текшерүүлөрү, экипаждарды окутуу, даярдоо иштерине жараша рейтинг түзүлгөн.

Рейтинг боюнча эң коопсуз авиакомпаниялар:

 Air New Zealand, Qantas, Virgin Australia, Etihad Airways, Qatar Airways, Emirates, All Nippon Airways, Finnair, Cathay Pacific Airways, Alaska Airlines, SAS, Korean Air, Singapore Airlines, EVA Air, British Airways, Turkish Airlines, TAP Air Portugal , Lufthansa/Swiss Group, KLM, Japan Airlines, Hawaiian Airlines, American Airlines, Air France, Air Canada Group и United Airlines.

Бул авиакомпаниялар жаңы учактарды каттамга киргиүүзү, авиация тармагындагы инновациялары менен айырмаланып турат. Ал эми кырсыктар көп учурда учактардын өндүрүшүнө жана кыймылдаткачына байланыштуу болот. Бирок бул рейтингде өзгөчө кырдаалдар учурунда авиакомпаниялардын экипажы кандай чаралар көрө турганы эсепке алынат», — деп билдирген AirlineRatings.com порталынын башкы редактору Жеффри Томас.

Дүйнөдөгү эң коопсуз делген 25 авиакомпаниянын ичинен Кыргызстанга бир гана Turkish Airlines авиакомпаниясы учат. Тактап айтканда Бишкек-Стамбул-Бишкек багыттары боюнча каттам аткарат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM