Connect with us

Кыргызстанда дизелдин баасы бензинден ашты

Кыска кабар | 7 Янв 2024 | 558 | 0

Кыргызстанда декабрь айында дизелдин баасы  70 тыйынга өстү. Азыркы тапта Кыргызстанда эң кымбат күйүүчү май дизель майы. Бул тууралуу Улуттук статком билдирди.

Маалыматка ылайык, АИ-95 маркасындагы бензиндин баасы декабрь айында өзгөрүлгөн эмес. Учурда республика боюнча орточо баасы 71,4 сом. Ал эми бензиндин эң арзан баасы Кара-Суу, Кербен, Токтогул жана Өзгөн районунда катталган — бир литри 70,4 сом. Ал эми эң кымбат наркы Каракол шаарында бир литрине 74,4 сом.

Ал эми дизель майынын баасы республика боюнча жалпы 70 тыйынга кымбаттап, орточо баа 71,5 сом. Дизель майынын эң арзан баасы Таласта катталып, бир литри үчүн 69,28 сом. Эң кымбат баа Раззаков шаарында болуп, бир литр дизель майы 75 сом.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM