Connect with us

Түркмөнстанда Гурбангулы Бердымухамедов үчүн мавзолей курулат

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Янв 2024 | 824 | 0

Түркмөнстандын Аркадаг шаарында чоң мечиттин курулушу башталды, анын жанына мурдагы президент Гурбангулы Бердымухамедовго арналган мавзолей да курула турганы айтылды.

Маалыматка ылайык, мечиттин курулушуна 400 млн доллар каражат кетет. Ал эми мавзолейдин бюджети  канча болору айтылган эмес. Бирок, мечиттин да, мавзолейдин да сырты ак мрамор таш менен кооздолот, — деп жазат Түркмөн ньюс басылмасы.

Түркмөнстандагы эң чоң мечит 2004-жылы салынып, туңгуч президент Сапармурат Ниязовдун атына коюлган. Ал эми мечиттин жанында Ниязовдун үй-бүлөсүнүн мавзолейи да курулган. Анда Сапармурат Ниязовдун ата-энеси, эки бир тууганынын сөөгү коюлган. Ал эми Сапармурат Ниязовдун өзүнүн сөөгү да көзү өткөндөн кийин ошол мавзолейге коюлган.

Аркадаг шаары Ахал облусунда түркмөнбашы Гурбангулы Бердымухамедов үчүн нөлдөн баштап курулган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM