Connect with us

Орусияда президенттик шайлоого дагы эки талапкер катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Янв 2024 | 590 | 0

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого дагы эки талапкерди каттады.

Мамлекеттик Думанын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Леонид Слуцкий жана Думанын спикеринин орун басары Владислав Даванков ушул жылдын март айында Орусияда өтө турган президенттик шайлоого талапкер катары каттоодон өттү.

Слуцкий — Орусиянын Либерал-демократиялык партиясынын төрагасы. Ал эми Даванков «Новые люди» партиясынын атынан талапкерлигин көрсөттү. Эки талапкер тең парламенттеги партиялардын өкүлү болгондуктан, аларга талапкер катары каттоодон өтүү үчүн кол топтогон жок.

Буга чейин Орусиянын БШКсы ржевдик журналист Екатерина Дунцованы каттоодон баш тарткан. Анда Дунцованын документтеринде бир катар мүчүлүштүктөр бар экени айтылган.

Ал эми бул шайлоонун негизги «фаворити» Владимир Путин декабрда кайра шайлоого бара турганын жарыялаган.

Орусиядагы президенттик шайлоо 15-17-мартка белгиленген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM