Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 7-январга караган түнү Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым тоолуу жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым тоолуу райондордо кар жаайт, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12,
Талас облусунда түнкүсүн 0…+2, күндүз +8…+10,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +1…+5, күндүз +8…+13,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +2…+7,
Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -3…-8.
Бишкекте күндүз бираз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +10…+12 градус жылуу.