Connect with us

Баткен: Төрөтканада жаткан келин дайынсыз жоголду

Кыска кабар | 6 Янв 2024 | 1296 | 0

Кечээ, 5-январда, Баткен облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүнөн 20 жаштагы келин дайынсыз жоголду. Бул тууралуу маалыматты «Маралга» келиндин жакындары тастыктады.

Маалыматка караганда, Э. кызы О. аттуу келин 27-декабрда операция жолу менен көз жарган. Ал 5-январда таңкы саат 06:00 — 07:00 чамасында, палатадан чай демдеп келүү үчүн чыккан бойдон кайра келген эмес. Учурда аны милиция кызматкерлери жана жакындары издеп жатат.

Үстүндө кызыл өңдөгү халат, ак түстөгү шым жана ак жоолук салынганы айтылууда. Бою 160-165 см.

Ал эми ымыркайдын абалы жакшы. Учурда аны чоң энеси карап жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM