Connect with us

Жалал-Абад: Мэрия автобустардын каттамга чыкпай калганы тууралуу түшүндүрмө берди

Кыска кабар | 6 Янв 2024 | 235 | 0

Жалал-Абад шаарындагы жаңы келген автобустардын каттамы убактылуу токтотулду. Бул тууралуу шаар мэриясы түшүндүрмө берди.

Маалыматта айтылгандай, өткөн жылдын күзүндө Жалал-Абад шаарына метан газы менен жүрө турган автобустар каттамга кирген. Шаарда метан толтуруучу бекеттер жоктугунан автобустар коңшу Өзбекстанга кирип, метан куюп жаткан.

«Бирок кышкысын метан Өзбекстандын өзүндө да тартыш болуп, узун кезек болуп жатканын ММКлардан көрүп же окуган чыгарсыздар. Мындан улам автобустар ал жактан метан куйбай калды. Ал эми метан куюучу бекетти курууга келсек, бул боюнча шаар мэри инвесторлор аркылуу куруу боюнча тапшырма берип, учурда Өзбекстандык инвесторлор Сузак районунун шаарга жакын аймагына метан куюучу бекет куруп жатат», — деп билдирди Жалал-Абад мэриясы.

Маалыматтар боюнча курулушка 5 млн. доллар (445 млн.сом) каражат кетет. Учурда курулуш иштери жүрүп жатат.

Жалал-Абад мэриясы шаар тургундарын абалды туура түшүнүүгө жана сабыр кылууга чакырып, метан куюучу жай жакын арада ишке кирсе, автобус каттамдары үзгүлтүксүз иштей турганын убадалады.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM