Биз менен байланышыңыз

Түптө баңгизат өндүрүү боюнча лаборатория жок кылынды

Кыска кабар | 6 Янв 2024 | 238 | 0

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Түп районунда баңгизат өндүрүү менен алектенген лабораториянын ишине бөгөт койду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын тургундарынан турган баңги топтору узак убакыт бою Бишкек шаарына “гашиш” жана “марихуана” баңги каражаттарынын ири партияларын жеткирүү менен алектенген. Бул боюнча Аламүдүн РИИБнин тергөө кызматы кылмыш ишин козгоп, 3-январда тиешелүү кылмыш ишинин алкагында мурда соттолгон эки жаран кармалган.

Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда кармалган жарандар алынган баңги каражаттарын Түп районунун аймагындагы кой короолордун биринен жүктөп жибергендиги аныкталган.

Түп районунда жайгашкан сарайдын жер төлөсүнүн ичинде баңги каражаттарды өндүрүүдө колдонулган буюмдар жана каражаттар бар баңги лаборатория табылган. Ал жерде: дагаралар, газ баллондору, торчолор, кол каптар, отверткалар, скотч, кайчы жана спирттүү флакондор аныкталган. Мындан тышкары ал жерден “марихуана” баңги каражатынын өзгөчө белгилери бар, салмагы 17 кг 564 грамм зат да табылган. Таразага тартууда алынган баңгизаттардын жалпы салмагы 17 кг 819 грамм “марихуана” жана 5 кг 920 грамм “гашиш” алынган.

Кармалган Б.А.Н. жана Л.Н.В. Аламүдүн РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM