Биз менен байланышыңыз

Эмгек министрлиги: 13,3 миңден ашуун адам чет өлкөлөрдө мыйзамдуу түрдө ишке орношкон

Кыска кабар | 6 Янв 2024 | 300 | 0

13,3 миңден ашуун адам чет өлкөлөрдө мыйзамдуу түрдө ишке орношкон. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Бүгүнкү күндө Орусияда, Улуу Британияда, Түштүк Кореяда жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө жумушка орношууга болот.

Жыл ичинде 13,319 миң адам, анын ичинде 4,4 миң аялдар министрлик аркылуу кепилденген айлык акы жана социалдык пакет менен ишке орношууга мүмкүнчүлүк алышты.

Бардык жарандар алдын ала окуудан өтүштү. Дагы 129 миң адам миграциялык маселелер боюнча кеңештерди алышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM