Биз менен байланышыңыз

Жапонияда учак кырсыгынан беш адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Янв 2024 | 497 | 0

Кечээ, 2-январда Токионун «Ханеда» эл аралык аэропортунда Жээк күзөт кызматына таандык учак кырсыкка учурап, учактын алты кишиден турган экипажынын бешөө мерт болгону, аны сүзгөн жүргүнчү ташыган учактын ичиндегилердин баары куткарылганы маалымдалды.

Эки учакты жалындаган өрт каптаган.

Жээк күзөт кызматынын учагы жер титирөөдөн жабыркаган Нигата шаарына жардам жеткирүүгө камданып жатканы белгилүү болду. Ичиндеги экипаждын беш мүчөсү каза тапты, алтынчысы оор абалда ооруканага жеткирилди.

Ал эми Japan Airlines авиакомпаниясынын учагы Токиого Саппоро шаарынан 379 жүргүнчүнү алып келген.

«Ханеда» — Жапониянын жүргүнчү эң көп каттаган аэропортторунун бири. Жаңы жылдык майрам күндөрү анда эл абдан көп болот.

Бул окуя Жапонияда 1-январдагы элүү чакты адамдын өмүрү кыйылган катуу жер титирөөнүн кесепетин жоюу иштери жүрүп, жер дагы катуу силкиниши ыктымал деген кооптонуу күчөп турган чакта болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM