Биз менен байланышыңыз

Жапонияда катуу жер титирөөдөн кийин цунами көтөрүлө баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Янв 2024 | 918 | 0
Сүрөт 2011-жылы болгон кырсык учурунда тартылып алынган

Жапонияда очогундагы күчү 7.4 баллга жеткен зилзала болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды.

Жапония Метерология агенттигинин маалымат булактарына кабарлоосуна караганда, силкинүү бүгүн, 1-январда жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:10 (Бишкек убактысы боюнча саат 13:10) чамасында катталган. Биринчи силкинүү Исикава префектурасындагы Анамицу шаарынан 43 км алыстыктагы аймакта болгон. Андан көп өтпөй, күчү 5.7 баллга жеткен экинчи силкинүү ушул эле префектуранын башка аймагында катталган.

Кырсыктын кесепетинен 36 миңден ашуун үй жарыксыз, байланышсыз калган. Жапониянын Атомдук башкаруу агенттиги АЭСтерде эч кандай чекилик жок экенин, нормалдуу иштеп жатканын  билдирген.

Жердин силкинүүсүнөн префектурадагы Жапон деңизи ташып, цунами каптоо коркунучу жаралды. Мындан улам жапон бийлиги Кага, Ното, Нигата, Тояма райондорундагы калкты коопсуз жактарга көчүп кетүүгө үндөдү.

Жапон Метеоролигия агенттигинин айтымында, цунами кечинде өлкөнүн чыгыш жээгине жетиши мүмкүн.

Айта кетсек, Жапонияда эң катуу жер титирөө 2011-жылдын 11-мартында болгон. Анда силкинүү күчү 9 баллга жеткен зилзаладан кийин цунами көтөрүлүп, 20 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган. Андан тышкары «Фукусима» атомдук электр станциясы (АЭС) жарылып кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM