Биз менен байланышыңыз

Жаңы жылга караган суткада 276 ымыркай жарыкка келди

Кыска кабар | 1 Янв 2024 | 483 | 0

31-декабрь саат: 8:00дөн 1-январь саат: 8:00гө чейин өлкө боюнча 276 ымыркай жарыкка келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

276 ымыркайдын 143ү уул, 133ү кыз төрөлүп, 15 эне операция жолу менен көз жарган. Булардын ичинен төртөө эгиз болуп, Ош облустук ооруканасында дүйнөгө келген.

2024-жылдын эң биринчи ымыркайы түнкү 12:00дө Бишкек шаарындагы №2 төрөт үйүндө кыз төрөлгөн. Ага удаа Кызыл-Кыя шаардык ооруканасында кыз, Кемин райондук ооруканасында уул, Жалал-Абад облустук ооруканасында бир кыз, бир уул жарыкка келген.

Бир суткада дүйнөгө келгендердин саны боюнча биринчи орунду Ош облусу 88 ымыркай менен, экинчи орунду Жалал-Абад облусу 57 ымыркай менен, үчүнчү орунду Бишкек шаары 52 ымыркай менен ээлеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM