Connect with us

Ташиев: Жөнөкөй калк үчүн бейиштин төрүндөй шарттар түзүлөт

Кыска кабар | 31 Дек 2023 | 464 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев криминал менен күрөш аяктап калганын «Фейсбук» баракчасы аркылуу билдирди.

Ал Кыргызстандын калкын кирип келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, мындан ары өлкөдө кылмыштуу топтор болбосун белгиледи.

«Дүйнө жүзүндө канча мамлекет болсо, алардын баарында коррупция бар экени маалым. Айырмасы, ошол коррупциянын деңгээлинде гана. Кээ бир мамлекеттерде жемкорлук жокко эсе болсо, айрым өлкөлөрдө уюшкан коррупция бар. Демек, жемкорлук эч качан токтобойт. Андыктан, мен дагы бир жолу баса белгилеп айта кетүүм керек, коррупцияга каршы күрөш тынымсыз улантылат. Ал эми уюшкан криминалдык топту жок кылуу боюнча биздин ишибиз аягына чыгып калдык десем жаңылышпайм. Мындан ары Кыргызстанда уюшкан криминалдык топ, «мыйзамдагы ууру», «смотрящий», «положенец» деген түшүнүктөр болбойт. Кыргызстанда инвесторлор, бизнесмендер жана жөнөкөй калк үчүн бейиштин төрүндөй шарттар түзүлөт», — деди Ташиев өз куттуктоосунда.

Ошондой эле кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өлүмү боюнча да түшүндүрмө бере кеткен. Андан тышкары инвесторлорду Кыргызстанда иш жүргүзүүгө чакырык таштап, коопсуздук кепилдигин өз мойнуна аларын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM