Connect with us

Украинанын Белгородго соккусунан каза тапкандар 24 адамга жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Дек 2023 | 351 | 0

Украин армиясынын Орусиянын Белгород шаарына жасаган соккусунан каза тапкандардын саны 24 адамга жетти. Маалымат BBCнин орус кызматына жарыяланды.

Айта кетсек, украин аскерлери кечээ, 30-декабрда Белгороддун чок ортосун аткылаган. Анын кесепетинен 30дан ашуун көп кабат үй, 3 жер там, 1 мектеп, 1 лицей, 1 бала бакча талкаланып калган.

Алгач 14 адам каза таап, 109 адам ар кандай жаракат алганы, алардын 25инин абалы өтө оор экени кабарланган.

Орусиянын Коргоо министрлиги чабуулга каршы сокку урганын жарыялады. Министрликтин берген маалыматына караганда, алардын ракетасы «Харьков Палас» мейманканалар шаарчасында жайгашкан Украина Башкы чалгындоо башкармалыгына, Коопсуздук кызматынын Харьков шаардык башкармалыгынын, «Оң сектор» улутчул тобунун имараттарына, «Кракен» террордук тобу жайгашкан бөлүккө, Куралдуу күчтөрдүн №59 мотоаткычтар тобуна, №79 десанттык бригадаларына урулган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM