Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчынын орун басары Шухрат Айтиев дүйнөдөн өттү

Кыска кабар | 31 Дек 2023 | 225 | 0

Акыйкатчынын орун басары Шухрат Айтиев 39 жашында дүйнөдөн өттү. Кабарды Акыйкатчы аппаратынын басма сөз кызматы таратты.

Маалыматка караганда, ал бүгүн, 31-декабрда Бишкектеги ооруканарлардын биринен көз жумган.

Айтиев Шухрат Анварович 1984-жылы 15-августта туулган.

Алгач Ош мамлекеттик университетин психолог адистигинде, кийинчерээк Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин юрист адистигинде аяктаган.

Алгачкы эмгек жолун Жалал-Абад облустук радиосунда журналист катары баштаган. Кийинчерээк Жалал-Абад облустук журналистика борборун жетектеген.

Шухрат Айтиев Кара-Көл шаардык социалдык башкармалыгынын башкы адиси, «За международную толерантность» коомдук фондунун менеджери, Жогорку Кеңеште депутаттын жардамчысы, сектор башчысы, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Автоунаа, суу транспорту жана салмак-өлчөм көзөмөл департаментинин директору кызматтарын аркалаган.

2023-жылдын 14-июнунда Акыйкатчынын орун басары болуп дайындалган.

Маркумдун сөөгү эртең, 1-январда Жалал-Абад шаарында жерге берилет.

«Маралдын» жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM