Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын төрт балбаны дүйнөлүк рейтингде биринчи орунду ээледи

Кыска кабар , Спорт | 1 Янв 2024 | 1549 | 0

Дүйнөлүк күрөш уюму 2023-жылдын рейтингин жарыялады. Андан белгилүү болгондой, Кыргызстандын төрт балбаны өз салмактарында биринчи орунду ээлешти.

Грек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмактагы Жоламан Шаршенбеков бир жылда жалпы 68 миң упай топтоп, биринчи орунга жазылды.

Ушул эле күрөштүн түрүнөн 77 кг салмактагы Акжол Махмудов 65 миң упай топтоп, атаандаштарынан озуп чыккан.

Кыз-келиндер күрөшүнөн 62 кг салмактагы Айсулуу Тыныбекова 95 миң 575 упай топтоп, биринчилик ордун сактап калса, 76 кг салмактагы Айпери Медет кызы 82 миң 600 упай топтоп, экинчи орундан биринчи орунга көтөрүлгөн.

Эркин күрөш боюнча 61 кг салмактагы Тайырбек Жумашбек уулу 68 миң упай менен экинчи орунга чыкты. Ушул эле күрөштөн 70 кг салмактагы Эрназар Акматалиев 51 миң 200 упай алып, бир орун ылдыйлап, экинчи орунга жазылды. 57 кг салмактагы Алмаз Сманбеков 42 миң 600 упай топтоп, дароо үчүнчү орунга көтөрүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM