Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги кампалардын биринен өрт чыкты

Кыска кабар | 31 Дек 2023 | 131 | 0

Бишкек шаарындагы кампалардын биринен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Өрт бүгүн таң эрте башталган. Өрттү өчүрүүгө 5 күжүрмөн эсеп, 5 куткаруучу, андан тышкары Кризистик кырдаалда башкаруу борборунун кызматкерлери дрон менен барышып, саат 9:36да чектөөгө алышкан.

Учурда толук өчүрүү иштери жүрүп жатканы айтылат маалыматта. Кырсыктан жабыркагандар катталган эмес.

Өрттөлгөн кампа Свердлов районунун Хивинская көчөсүндө жайгашкан. Маалыматка караганда, үйдүн каалгасын сактоочу, сатуучу жай болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM