Биз менен байланышыңыз

Жаңы жылды айлынан тосууну каалагандарга атайын унаалар камдалды

Кыска кабар | 31 Дек 2023 | 167 | 0

Алыскы аймактарга каттаган жүргүнчүлөр үчүн кошумча унаалар даярдалды. Бул тууралуу Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы билдирди.

Башкармалыктын техникалык көзөмөлдөө, транспорт ишин жөнгө салуу бөлүмү жетекчиликтин тапшырмасы менен кошумча автобустарды, кичибустарды каттамга чыгарышты.

Алынган маалыматка ылайык, бүгүн Батыш автобекеттен Бишкек-Нарын багытына 20, Бишкек-Каракол багытына 22, Бишкек-Талас багытына 2 автобус жана кичи бус жүргүнчү ташыйт.

Учурда башкы башкармалыктын кызматкерлери айдоочулардын эреже сакташы, жол кирени ыксыз көтөрүп жибербеши боюнча көзөмөл жүргүзүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM