Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын футболчулары БАЭГе утулуп калышты

Кыска кабар | 31 Дек 2023 | 116 | 0

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) футболчуларына 1:0 эсебинде жеңилип калышты.

Жолдоштук беттеш кечээ, 30-декабрда Абу-Дабинин Mohammed Bin Zayed стадионунда Азия Кубогуна даярдыктын алкагында өттү.

Беттештин биринчи бөлүгүндө Кыргызстандын футболчулары кооптуу абалдарды жаратып, тынымсыз чабуулга өтүп турушту. Бирок эсепти ача алышкан жок.

Экинчи бөлүктүн башталышында Гүлжигит Алыкулов экинчи ирет сары кагаз алып, оюндан чыгып калды. Ушундан кийин атаандаш тарап чабуулун күчөттү.

Экинчи бөлүк аяктаарына саналуу мүнөттөр калганда калыс Кыргызстандын дарбазасына 11 метрлик айып соккусун тебүү чечимин чыгарып, эсепти БАЭнин оюнчулары ачып кетишти.

Натыйжада беттеш 1:0 эсебинде Бириккен Араб Эмираттарынын жеңиши менен аяктады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM