Биз менен байланышыңыз

Муфтият: Ажы башчыларды каттоо 12-январда башталат

Кыска кабар | 31 Дек 2023 | 187 | 0

Ажы башчыларды каттоо 2024-жылдын 12-январынан 26-январына чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы (муфтият) кабарлады.

Ажы башчылыкка талапкерлер облустук, шаардык казыяттарда, райондук хатибияттарда сервердик каттоодон өтүшү керек. Сынак тестирлөө жана аңгемелешүү формасында өткөрүлөт. Сынакта тажрыйбасы, жөндөмү, уюштуруу чеберчилиги, араб тилин билүүсү сыяктуу талаптар каралат.

Ажы башчылыкка талапкерлер төмөнкү документтерди тапшырууга тийиш:

  1. Биометрикалык ID-паспорттун жана жарандык паспорттун көчүрмөсү (эки паспорту тең бир баракта болууга тийиш);
  2. Муфтийге арыз (кол жазма түрүндө болушу шарт);
  3. Резюме;
  4. 3х4 өлчөмүндөгү сүрөт (ак фондо, матовый кагазда болуп, ак көйнөк, ак баш кийим менен түшпөшү керек);
  5. Муфтияттын түзүмүндө иштеп жатканы тууралуу маалымкат же буйрук (буйрук каттоо башталганга чейин чыгышы шарт, эгер жумуш ордун которсо, эски буйрук менен жаңы буйрук чогуу тиркелет);
  6. мурда ажылык парзын өтөгөнү же умрага барганы тууралуу тастыктама (ажылык визасынын көчүрмөсүн, эгер паспортун жаңырткан болсо, ажылык же умрага барганын далилдеген казыяттын аныктамасын көрсөтүүгө тийиш);
  7. катталган казыяттын сунуштама каты.

Ошондой эле муфтият талапкерлерге төмөнкүдөй талаптарды коёт:

  1. ИИМдин маалымат борборунан соттолбогондугу тууралуу маалымкат алынат;
  2. Психоневрологиялык жана тери-венерологиялык диспансерлерден каттоодо жоктугу тууралуу маалымкат алынат;
  3. кызмат өтөгөн аймагындагы казыяттын эсебинен гана катталат;
  4. 2023-жылы ажы башчы болгондор 2024-жылдагы тандоого катыша албайт;
  5. 55 жашка чейинкилер гана кабыл алынат (каттоо башталганда 56 жашка толгондор кабыл алынбайт);
  6. Маалыматтык технологияларды (айрыкча, word, excel программаларын, whatsapp, мessenger сыяктуу байланыш тармактарын) жакшы билиши керек.

Ошондой эле талапкерлердин иш кагаздарын казыяттардын алдындагы жооптуу операторлор кабыл алат. Эгерде Сауд Араб Падышачылыгынан же ажылык базасынан виза алуу учурунда мурда ажылык сапарга барганында кошумча төлөмдөрү калып калган болсо, ажы башчылыкка тандалган адам өз чөнтөгүнөн төлөйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM