Биз менен байланышыңыз

Быйыл коомдук-саясий турмушта эмне өзгөрүүлөр болду?

Коом , Саясат | 29 Дек 2023 | 1312 | 0

Кыргызстанда 2023-жыл орчундуу саясий окуялар менен коштолду. Кримтөбөлдүн өлтүрүлүшү, саясатчылардын камакка алынышы, экс-президенттердин Дубайда жолугушуусу, туунун өзгөрүшү сыяктуу бир топ окуялар болду. Саясат талдоочулар өлкөнүн ички саясаты тышкы саясаты менен байланыштуу экенин айтышат. Бул жылы Кыргызстан демократиядан авторитардык абалга өттү деп айткандар да бар. Ошол эле учурда Кыргызстан эл аралык рейтингдерде айрым позициялар боюнча бир топ төмөндөдү.

2023-жылдын башында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара маселесине чекит коюлуп, тарыхый күн экени айтылды. Анда Кемпир-Абад маселесине да чекит коюлганы маалым болгон. Ал арада «Кемпир-Абад» суу сактагычы турган жерди Өзбекстанга берүүгө каршы болгон 30дай активист, саясатчы «массалык башаламандык» уюштурууга шектелип кармалган болчу. Жыл ичинде ар кандай себептер менен кармалгандар үй камагына чыгып, азыркы учурда алардын 11и абакта.

Андан кийин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев абактан чыкты. Ал Испанияга дарыланууга кетти.

Кийин Дубайда Кыргызстанды убагында башкаргандар жана азыр башкарып турган президенттердин жолукканы коомчулукта талкуу жаратты.

Жыл ортосунда Жогорку Кеңеште оппозициячыл делген депутат Адахан Мадумаровго иш козголуп, Башкы прокуратура депутаттардын уруксаты менен жоопко тартты. Ага «мамлекетке чыккынчылык кылуу» беренеси менен кылмыш ишин козгогону маалым болду. Мадумаровду Бишкек шаардык соту 2024-жылдын 9-февралына чейин абакта калтыруу чечимин кабыл алды.

Күз мезгилинде кримчөйрөнүн анабашы делген Камчы Көлбаев УКМК тарабынан жок кылынды. Андан кийин өлкө аймагындагы кримчөйрөнүн башчылары каралар дүйнөсүнөн баш тартканы тууралуу видеокайрылуу жасашты. Бүгүнкү күнгө чейин Көлбаевге тиешелүү делгендерди аныктоо иши атайын кызмат тарабынан жүргүзүлүп жатат.

Жыл соңунда мындан 31 жыл мурда кабыл алынган өлкөнүн туусундагы айрым элементтерге өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгып, кызуу талкууга алынды. Бишкекте желекти өзгөртүүгө каршы бир нече акция өтүп, активист Афтандил Жоробеков УКМКга суракка барып, кийин камакка алынды.

Ошондой эле ККМ боюнча да базарларда нааразычылыктар чыгып, өлкө боюнча иш таштоолор болду.

Саясат талдоочу Алмаз Тажибайдын айтымында, бул жылы Кыргызстан демократиядан авторитардык абалга өттү.

«Кыргызстан бул жылы саясий жактан авторитардык режимди бекитти, мыктап койду. Анда саясий куугунтуктар, «Кемпир-Абад» жана башка маселелер бар. Авторитардык режимди эл колдоду. Бирок ошого карабастан базарлардагы салык режимин киргизе алган жок. 

Келечекке карай стратегия жок болуп жатат. Элге көрсөтүү керек, «биз ушул жакка баратабыз» деп түшүндүрүү зарыл. Жакшы иштер да болуп жатат. Бирок элге стратегиялык планды көрсөтүп, түшүндүрүү керек». 

Дагы бир саясат талдоочу Бакыт Жумагуловдун пикиринде, өлкөнүн ички саясаты тышкы саясаты менен байланыштуу.

Бул жылы аткаруу бийлигинин, президенттин күчтөнүү процесси болгонун кошумчалап, буларга токтолду.

«Кыргызстандын ички саясатындагы маанилүү иш-аракеттер, тышкы саясат менен байланышы бар иш-аракеттер болуп жатты. Мисалы, «5+1» форматындагы жолугушуулар көп болуп, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда иш алып барууга маани берилип жатты. Ошону менен катар депутат Мадумаровду камоо жана башка окуялар болуп жатты. Мындайча айтканда, тенденция Башмыйзамда жазылгандай, президенттин, аткаруу бийлигинин күчтөнүү процесси жүрүп баратат».

Жумагулов 2023-жылы экономикалык жактан көрсөткөн сандар жакшы экенин, ошол көрсөткүчтөрдү сактап, алга жылдыруу үчүн 2024-жылы чакан жана орто бизнеске басым жасап, алар менен диалогго баруу керектигин кошумчалады. Ушундай эле таризде саясий жактан да диалогго баруу керектигин белгиледи.

Ушул жылдын май айында «Борбор Азия – Кытай» саммити болуп өттү. Анда өнөр жай тармагында инвестициялык кызматташуу, соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө, айыл чарба жана бажы министрлеринин жолугушуусун уюштуруу жана Ишкер кеңешин түзүү сыяктуу бир катар макулдашуулар каралды.

Андан кийин «Борбор Азия – Евробримдик», «Борбор Азия –АКШ», «Борбор Азия –Арап өлкөлөрү», «Борбор Азия –Орусия» сыяктуу жолугушуулар болду. Аны менен катар КМШ өлкөлөрүнүн, ШКУ жана башка ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өлкө башчыларынын жолугшуулары борбор калаа Бишкек шаарында өтүп, ага Кыргызстан төрагалык кылды.

Саясат талдоочу Эдил Осмонбетовдун пикиринде, бул жылы тышкы сүйлөшүүлөр, жолугушуулар, макулдашуулар көп болду.

Осмонбетов дүйнөдөгү чоң өлкөлөрдүн ортосунда өздөрүнүн саясатын жүргүзүүгө геосаясий атаандаштык жүрүп жатканын айтып,  Кыргызстан 2024-жылы АКШ менен кызматташууну күчөтүшү керектигин белгиледи.

«Биринчиден, саясий кыймылдар боюнча жылыштар болду. Экинчиден, тышкы саясатта дүйнөдө ири өлкөлөрдүн ортосунда геосаясий атаандаштык жүрүүдө. Бул жылы тышкы саясатта бир нече жолу чоң жолугушуулар болду. Ошондой эле чоң эл аралык жыйындар борбор калаа Бишкекте болду. Ага Кыргызстан төрагалык кылды, бул да чоң мааниге ээ. Мен ойлойм, 2024-жылы Кыргызстан АКШ менен кызматташууну, макулдашууларды күчөтүшү керек. Алар менен стратегиялык өнүгүүгө чыгышыбыз зарыл». 

Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстандын тышкы карызы да 6 млрд долларлык чектен ашты. Ал эми өлкөдө жалпы төрөлүүнүн саны өткөн жылга салыштырмалуу азайганы айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM