Биз менен байланышыңыз

Кыргыз эл акыны Сүйөркул Тургунбаев дүйнөдөн өттү

Кыска кабар | 29 Дек 2023 | 138 | 0
Сүрөт Ютуб-каналдан кесилип алынды

Кыргыз эл акыны Сүйөркул Тургунбаев дүйнөдөн өттү. Кабарды «Маралга» жакындары угузду.

Акын 1940-жылы Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айылында туулган. 1964-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

Алгачкы эмгек жолун 1964-жылы Алай районунун Бүлөлү айылындагы мектепте орус тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп иштөө менен баштаган.

1966-1970-жылдары Кыргыз ССР Илимдер академиясынын адабият институтунда илимий кызматкер, 1970-1984-жылдары «Кыргызстан маданияты» гезитинде бөлүм башчы, 1986-1988-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында сын боюнча кеңешчи кызматтарын аркалаган.

Алгачкы ырлар жыйнагы 1966-жылы «Бизде баары сүйлөйт» деген ат менен жарык көргөн. Акынды адабият чөйрөсүнө окурман журтуна тааныткан эмгеги 1969-жылы жарык көргөн «Кечки троллейбус» ырлар жыйнагы болгон.

Котормочу катары монгол элдик ырларын, орус акындары Михаил Лермонтовдун, Евгений Евтушенконун, Тарас Шевченконун, өзбек акыны Алишер Навоинин, грузин акыны Илья Чавчавадзенин кыргыз тилине которгон.

Акындын өзүнүн ырлары да орус, казак, англис тилдерине которулуп, жарык көргөн.

Маркум акындын сөөгү 31-декабрда «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM