Биз менен байланышыңыз

№212 автобустун айдоочусуна 15 миң сом айып салынды (видео)

Кыска кабар | 29 Дек 2023 | 2438 | 0

№212 автобустун айдоочусуна 15 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы билдирди.

Айта кетсек, буга чейин социалдык тармактарда №212 автобустун айдоочусунун жол эрежесин одоно бузган видеосу тараган.

Такталгандай, аял айдоочу астындагы автобустан ашып өтүү максатында каршы тилкеге чыга калып, кооптуу абал жараткан.

Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы айдоочунун мындан ары каттамдарга чыгар-чыкпасын Бишкек мэриясынын тартип комиссиясы карап жатканын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM