Биз менен байланышыңыз

Күрөөканалар иши: Бир адамга айып тагылып, бир адам камалды

Кыска кабар | 29 Дек 2023 | 183 | 0

Күрөөкана тармактарынын биринин жетекчисине айып тагылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Күрөөканалардын алдамчылык жана ар кандай мыйзам бузуу фактыларына бөгөт коюу, ошондой эле борбор калаанын калкына ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренесинин 1-бөлүмү менен иш ачкан.

Жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында салыктык кирешелерин жашыруу, салык төлөөдөн качуу, лицензиялык талаптарды одоно бузуу, бул тармакты жамынып, алдамчылыкка баруу фактылары да аныкталган.

Жогоруда көрсөткөн кылмыштуу иштерге шектүү катары Бишкектеги күрөөкана тармактарынын биринин директору Д.А.Б.га айып тагылган.

Андан тышкары ИИМдин ТОР-базасында Камчыбек Асанбек уюштурган кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган, мурда бир нече жолу соттолгон Д.Р.Ж.нын күрөөкана тармагын пайдаланып, алдамчылык иштерге барганы тастыкталган.

Учурда Д.Р.Ж. Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM