Биз менен байланышыңыз

Тиш доктурда чарчап калган наристе: Экспертизанын жыйынтыгы чыга элек

Коом , Кыска кабар | 29 Дек 2023 | 1808 | 0
Сүрөт "Азаттык" сайтынан алынды

Бишкекте стоматологиялык клиникалардын биринде үч жашар наристе кыздын чарчап калганына байланыштуу атайын комиссия түзүлгөнүн 21-декабрда Саламаттык сактоо министрлиги билдирген. Клиника убактылуу жабылганы, соттук-медициналык экспертиза дайындалганы белгилүү болгон.

Окуя боюнча кыздын чоң апасы Айгүл Исаковага байланышканыбызда, экспертизанын жыйынтыгы эмгиче чыга электигин, бул создуктуруу күмөн ойлорду жаратып жатканын айтып берди. Ошондой эле келининин абалы оор экенин, ага психолог керек болуп жатканын кошумчалады.

«Экспертизанын жыйынтыгы төртүнчү күнү, 28-декабрда чыкмак, бирок чыккан жок. «Он күндүн ичинде чыгат» дешкен, азыр он күндөн да ашып кетти. Биз күмөн санап жатабыз, «Эмнеге мынча созуп жатат?» деп. «Аттуу-баштуу адамдарга, чоңдорго чыгып жатат, сүйлөшүп жатат» деген имиштерди кулагыбыз чалууда. «Төртүнчү күнү чыгат» дегенинен кечээ кечке күттүк. Келинимдин абалы оор, психолог керек болууда. Алты айлык баласын таенеси карап жатат. Ал да ооруп, түнкү он бир жарымда ооруканага алып бардык. «Кызамык болбосо экен» деп корктук эле, Кудай жалгап, таза чыкты. Баланын энеси стресс болгонуна ал да стресс болуп жатат окшойт. Тергөө органдары экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатышат. Балам да кыйналып жүрөт, сүйлөшөйүн десем, ал да стрессте. Бардык жерге өзүм чуркап жүрөм, тергөөгө да барып, адвокатыбыздын да жанын койбой. Жалгыз алым жетпей баратат, бийликтегилерге да үнүм жетпейт окшойт. Биз экспертизаны эле күтүп жатабыз. «Жыйынтыгы 8-январда чыгат» дейт, ага чейин алар үйлөрүндө отурат. А мен үй-бүлөм менен кан жутуп отурам. Азыр үйдө да отура албай же эшикте жүрө албай калдым. Байкуш 26 жаштагы келиним кыйналып кетти, ошол үчүн да жооп берсин», — деди Айгүл Исакова.

Окуя 18-декабрда Бишкектеги стоматологиялык клиникалардын биринде болгонун жактоочу Канат Хасанов Фейсбук аркылуу түз эфирге чыгып кабарлаган. Анын айтымында, атасы кызын тиш доктурга алып келген. Дарыгерлер уктатып дарылоо үчүн «Севоран» дарысын жыттатышып, ийне сайышкан. Тилекке каршы, наристе ошол бойдон ойгонбой калган.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдиргендей, жеке клиникаларды текшерүүдө одоно мыйзам бузуулар аныкталууда. Бул иш күчөтүлгөн режимде жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM