Биз менен байланышыңыз

«Элдик көзөмөлдүн» мүчөсү баңгизат менен кармалды (видео)

Кыска кабар | 29 Дек 2023 | 858 | 0

«Элдик көзөмөл» коомдук бирикмесинин мүчөсү баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлер Бишкек шаарынын Ак-Босого конушунан 1987-жылы туулган М.А. айдап бараткан «Мазда-6» унаасын токтотушкан. Айдоочуну текшергенде жанынан «Элдик көзөмөл» коомдук бирикмесинин күбөлүгү табылган.

Сүйлөгөн-эткени шек жараткандыктан, айдоочуну Наркология борборуна алып келип текшертишкенде канынан нашаа чыккан.

Буга байланыштуу ИИМдин тергөө кызматы Афур аттуу кызматтык иттин жардамы менен шектүүнүн үйүнө тинтүү жүргүзүп, мештин түбүнөн 272 грамм «гашиш» таап алышкан.

Аны менен катар шектүүнүн буга чейин да бир нече ирет соттолгону такталган.

Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда тергөө жүрүп жатканы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM