Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарындагы балаты быйыл да өрттөндү

Кыска кабар | 29 Дек 2023 | 264 | 0
Сүрөт "Турмуш" басылмасынан алынды

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы жаңы жылдык балатыны өрт чалды. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да тастыктады.

«Турмуш» басылмасы алган маалыматка караганда, өрт 28-декабрдан 29-декабрга караган түнү болжолдо 00:30-01:00 аралыгында чыккан.

ӨКМ кырсыктын себептери такталып жатканын билдирди. Жергиликтүү калктын божомолунда өрт электр зымдарынын тийишип кетишинен чыгышы мүмкүн.

Айта кетсек, Кара-Көл шаарында жаңы жылдык балаты 2021-жылы да, 2022-жылы да өрттөнүп кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM