Биз менен байланышыңыз

Эсептөө палатасы жаңы жылдык кечеден баш тартышты

Кыска кабар | 29 Дек 2023 | 265 | 0

Эсептөө палатасынын жамааты жаңы жылдык кече өткөрүүдөн баш тартышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Палатада эмгектенгендер төрага Алмазбек Акматовдун сунушуна ылайык, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун онкология жана онкогематология бөлүмүндө дарыланып жаткан балдарга майрамдык маанай тартуулоону чечишкен.

Атайын даярдалган майрамдык баштыкчаларды Эсептөө палатасынын аппарат башчысы Нурпаис Осмонов жеткирип, балдарды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктаган.

Андан тышкары палатанын кызматкерлери «Ак Ниет» мектеп-интернатына да барышып, ушундай эле баштыкчаларды таратышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM