Биз менен байланышыңыз

Министрлик: 2023-жылы 105 мектептин курулушу аяктады

Кыска кабар | 28 Дек 2023 | 129 | 0

2023-жылы 105 мектептин курулушу аяктап, 18 мектеп оңдоп-түздөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Чүй облусунда 14, Баткен облусунда 16, Жалал-Абадда 22, Ысык-Көл облусунда 13, Нарын облусунда 6, Ош облусунда 25, Талас облусунда 9 мектептин курулушу аяктаган.

Мындан тышкары Чүй облусунда 2, Баткен облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 4, Нарын облусунда 1, Ош облусунда 6, Талас облусунда 1 мектеп капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн.

Айта кетсек, акыркы үч жылда өлкө боюнча 214 жаңы мектеп салынган. Андан тышкары быйыл Чолпон-Ата шаарында «Акылман» Президенттик лицейи ачылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM