Биз менен байланышыңыз

Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы пара алууга шектелип кармалды (видео)

Кыска кабар | 28 Дек 2023 | 346 | 0

Аламүдүн айыл өкмөтүнүн жетекчилери пара алууга шектелүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аламүдүн айылынын тургуну ИИМдин тергөө кызматына арыз жазган. Анда айтылганга караганда, айыл өкмөттүн жетекчилиги 2021-жылдын январь айында 4 сотых жер тилкесин кесип берүү үчүн 400 миң сом пара сурашкан. Бирок акчаны алгандан кийин милдеттенмелерин аткарбай коюшкан.

Бул боюнча текшерүү жүрүп, арызда жазылгандар аныкталгандан кийин ИИМдин кылмыш иликтөө башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (ири өлчөмдө пара алуу) менен иш ачкан.

Жүргүзүлгөн атайын операциянын натыйжасында Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы менен башкы бухгалтери мурда алган 400 миң сомдун 40 миң сомун кайтарып берип жатышканда колго түшкөн.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM