Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө инвестордун мүлкүн тартып алууга шектүүлөр кармалды

Кыска кабар | 28 Дек 2023 | 323 | 0

Ысык-Көлдө инвестордун мүлкүн тартып алууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

Маалым болгондой, 2018-жылы Орусиянын жараны Р.Д.А. Кыргызстандын ISEO (Айсео) жоопкерчилиги чектелген коому менен келишим түзүп, Ысык-Көл районунун Корумду айылына 14 млн сомго пансионат курган.

Пансионат курулуп бүткөндөн кийин кримтөбөл Камчы Көлбаевдин атына жамынган Р.Д.А., О.Б.А., А.К.Т. аттуу адамдар инвесторго зомбулук көрсөтүп, мүлкүн ээлеп алышкан да, өзүн өлкө аймагынан чыгып кетүүгө мажбурлашкан.

Бул маалымат боюнча иш жүргүзгөн УКМК кызматкерлери кылмышка шектүү катары ISEO компаниясынын кожоюндары О.Б.А., А.К.Т.ны жана башкы бухгалтери А.Н.К.ны кармашкан.

Шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Юстиция министрлигинен алынган маалыматка караганда, ISEO (АЙСЕО) ЖЧКсы 2020-жылдын 12-августунда кайра каттоодон өткөн. Директору катары Османкулов Бакыт Алмазбекович көрсөтүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM