Биз менен байланышыңыз

Адам уурдоого шектелип, эки жылдан бери издөөдө жүргөн жаран кармалды (видео)

Кыска кабар | 27 Дек 2023 | 346 | 0

Адам уурдоого шектелип, 2021-жылдан бери изделип жаткан Осмонов аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын декабрь айында Осмонов баштаган кылмыштуу топ Баткен районунун тургунун уурдап барышып, 20 миң доллар талап кылышкан.

УКМК жүргүзгөн иликтөөнүн натыйжасында А.Х.М.ны «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаага салып кетишкени аныкталып, кармоо учурунда шектүүлөр каршылык көрсөтүшкөн. Натыйжада Осмонов окуя болгон жерден из жашырып кетүүгө үлгүргөн.

УКМК бул боюнча кылмыш иш козгоп, качып кеткен адамга издөө жарыялаган. Бекинип жүргөн Осмонов ушул жылдын 23-декабрында  Өзгөн районунан колго түшүрүлгөн.

Учурда шектүү камакка алынып, кылмыштуу топтун мындан башка да иштерге катышы бар-жогу тергелип жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM