Биз менен байланышыңыз

Бишкекте дагы бир балдар ооруканасы ачылды (сүрөт)

Кыска кабар | 27 Дек 2023 | 169 | 0

Бишкек шаарында Балдардын адистештирилген консультативдик бейтапканасы ачылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бейтапкананын ачылыш салтанаты бүгүн, 27-декабрда өтүп, ага министр Алымкадыр Бейшеналиев баштаган бир катар бийлик өкүлдөрү, дарыгерлер катышты.

Бишкек шаарында эл көбөйгөнүнө байланыштуу балдарын ооруканага алып келгендер арбып барат. Айрыкча сасык тумоо учурунда ооруканаларда узун кезек күч алат. Айталы, балдар клиникалык тез жардам ооруканасына жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна күнүнө 700 баланы алып келишсе, алардын 80%га жакыны үй шартында дарылоого жөнөтүлөт. Мындан улам жогорудагы кошумча консультативдик бейтапкана ачуу идеясы көтөрүлгөн.

Балдардын адистештирилген консультативдик бейтапканасынын директору Айнура Абдылдаеванын айтымында, мекеме Үй-бүлөлүк медицина борборлору сыяктуу иш алып барат. Дарыгерлер күн сайын саат 08:00дөн 18:00гө чейин кабыл алышат. КРВИ жана сасык тумоо сезонунда ишемби жана жекшемби күндөрдө нөөмөттө уюштурулуп, алар саат 14:00гө чейин кабыл алышат.

Бейтапкана 2024-жылдын 2-январынан тарта толук кандуу иштей баштайт. Учурда педиатрлардан тышкары балдар ортопеди, хирург, невропатолог, балдар гинекологу, ЛОР, сурдолог дарыгерлер кызматка алынган.

Бейтапкананын имараты Манас проспекти, 12 дарегинде жайгашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM