Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров Мамлекеттик лотерея компаниясын жабуу сунушун берди

Кыска кабар | 27 Дек 2023 | 178 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун 2023-жылды жыйынтыктаган отчётун угуп, бир катар тапшырмаларды берди.

«Манас» ачык акционердик коомунун отчётунан кийин Кыргызстандын авиациясын Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун (ИКАО) «кара тизмесинен» чыгаруу маселесин козгоп, өлкөнүн алыскы аймактары үчүн учактарды сатып алуу зарыл экенин белгиледи.

Кара-Балта спирт заводуна бөтөлкөлөрдү Майлуу-Суу айнек заводунан, акциздик маркаларды «Учкун» басмаканасынан жасаттырууну сунуштады.

Чыгашасы көп ишканалардын да жыл жыйынтык маалыматы угулуп, анын ичинен Акылбек Жапаров Мамлекеттик лотерея компаниясынын ишин сынга алып, жаптырып салуу маселесин карап көрүүнү сунуштады.

Аны менен катар ишканалардын жетекчилерине 25-январга чейин бизнес-план берүүнү тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM