Биз менен байланышыңыз

Майрамда, каникулда окуучулардын коопсуздугун көзөмөлдөө буйругу берилди

Кыска кабар | 27 Дек 2023 | 137 | 0

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жаңы жыл майрамында, кышкы каникул учурунда окуучулардын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча буйрукка кол коюлду.

Буйрукту бардык мектеп, лицей, гимназиялар менчигинин түрүнө карабастан аткарышы керек экени белгиленип, каникул учурунда өтүлө турган иш-чаралардын мерчеми бекитилген.

Ага ылайык, Бишкек шаардык билим берүү департаменти, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү төмөнкүлөрдү уюштурууга жана аткарылышын көзөмөлдөөгө милдеттендирилген:

— жаңы жыл майрамында жана кышкы каникул учурунда өзгөчө кырдаалдар болуп кетпеши үчүн чара көрүлсүн;

— мектеп директорлору менен майрамда, каникул маалында окуучулардын ачык отту, пиротехникалык жана башка коркунуч жаратып коюу ыктымалы бар каражаттарды пайдаланууга болбой турганын эскерткен кеңешме өткөрүлсүн;

— кышкы каникул учурунда окуучулардын эс алуусун сапаттуу жана коопсуз уюштуруп, мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын ишине мониторинг жүргүзүлсүн;

— окуучуларга майрамдарда, каникулда турмуш-тиричилик коопсуздугу боюнча эрежелер эскертилсин, балдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн;

— жалпы билим берүү уюмдарында өрткө каршы сигнализацияларынын, алгачкы өрт өчүрүү каражаттардын, жылытуу системасынын оң абалда экени текшерилсин;

—  окуучулардын эс алуусун уюштурууда мектептердин спорт залдары, студиялары жигердүү пайдаланылсын, ийримдердин иши күчөтүлсүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM