Биз менен байланышыңыз

30-декабрдан тарта Бишкектин борбордук көчөлөрүнө чектөө киргизилет

Кыска кабар | 27 Дек 2023 | 121 | 0

30-декабрдан тарта Бишкектин борбордук көчөлөрүнө чектөө киргизилет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Чектөөлөр Бишкек мэринин «Жаңы жылды майрамдоого даярдык көрүү жөнүндө» буйругунун негизинде ишке ашырылат.

Чүй проспектинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки аралыгы 2023-жылдын 30-декабрында саат 14:00дөн 2024-жылдын 1-январы саат 7:00гө чейин унаалар үчүн жабылат.

Ушул эле убакта Киев көчөсүнүн Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки аралыгына жеке унаалар киргизилбейт, коомдук унааларга гана уруксат берилет.

Бул күндөрү Киев көчөсүнөн эки тараптуу жүрүүгө болот. 2024-жылдын 1-январынан тарта мурдагыдай бир тарапка гана өтөт.

Ошол эле учурда бул көчөлөрдүн эки тарабына тең унаа токтотууга тыюу салынат. Унаалар үчүн Жогорку Кеңештин имаратынын түндүк жана батыш тарабына, Раззаков, Орозбеков, Панфилов, Тыныстанов жана Токтогул, Киев көчөлөрүнүн кесилишине атайын жай уюштурулат.

2024-жылдын 1-январында түнкү саат 00:30дан тарта «Ала-Тоо» аянтынан Киев көчөсү аркылуу Рухий Мурас, Көк-Жар, Арча Бешик, Ак-Ордо, Ала-Тоо, Ак-Босого, Бакай-Ата, Энесай конуштарына, 12-кичирайонго, Аламүдүн-1 кичирайонуна, Совмин шаарчасына, Чоң-Арык айылына коомдук унаалар каттайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM