Биз менен байланышыңыз

Президент Садыр Жапаровдун Орусияга иш сапары аяктады

Кыска кабар | 27 Дек 2023 | 200 | 0

Президент Садыр Жапаровдун Орусиянын Санкт-Петербург шаарына болгон иш сапары аяктап, Кыргызстанга кайтып келгенин Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

25-декабрда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйыны өттү. Отурумга Орусиянын президенти Владимир Путин төрагалык кылып, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдон тышкары Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев түз, Ирандын өнөр жай, кен жана соода министри Аббас Алиабди онлайн катышты.

Жыйында бир катар маселелер талкууланып, Кубанын президенти Мигель Диас-Канель видеокайрылуу жасады. Жыйынтыгында 17 документке кол коюлду.

26-декабрда КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын бейформал жолугушуусу болду.

Иш-чарага Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян катышты.

Жолугушуунун алкагында мамлекет башчылар «Павловск» коругуна, «Падыша айылына», Петергофко саякат жасашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM