Биз менен байланышыңыз

Таластык депутат ишкерден 4,2 млн сом талап кылууга шектелип кармалды (видео)

Кыска кабар | 26 Дек 2023 | 232 | 0

«Жеке ишкананын директорунан 4 млн 200 миң сом талап кылган» деген шек менен Талас районунун Бекмолдо айылдык кеңешинин депутаты кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Талас районунун Бекмолдо айылына суу түтүгүн төшөө үчүн тендер жарыяланып, жеке ишканалардын бири утуп алган.

Айылдык кеңештин депутаты Ч.Т.Ж. ишкананын директорун «ден соолугуңа зыян келтирем, ишиңе тоскоолдуктарды уюштурам» деп коркутуп, долбоорго каралган 67 млн сомдун 6%ын, тагыраагы, 4 млн 200 миң сомун берүүнү талап кылган.

Бул боюнча УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 3-бөлүмү менен иш козгоп, шектүүнү колго түшүрүү операциясын уюштурган. Анын негизинде депутат Ч.Т.Ж. 25-декабрда Бишкек шаарынан акчанын 1 млн сомун алып жаткан учурда колго түшкөн.

Шектүү УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Учурда бул мыйзамсыз ишке катышы бар башка адамдарды да иликтөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM