Биз менен байланышыңыз

Чүйдө 160 млн долларга ири цемент заводу курулуп жатат

Кыска кабар | 26 Дек 2023 | 136 | 0

Чүй облусунда жылына 1,7 млн тонна цемент чыгарган завод курулуп жатат. Бул тууралуу Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду сайтына жарыялады.

Долбоор үчүн жалпы 160 млн доллар каралган. Анын 45 млн долларын Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду кредит катары берген. Фонддун акчасына Орусиядан жана Кытайдан заманбап жабдууларды сатып алуу мерчемделип жатканы айтылат маалыматта.

Завод ачылса, 650 адам иш менен камсыз болот. Салыктын, социалдык төлөмдөрдүн эсебинен Кыргызстандын бюджетине жылына 250 миллиондон ашуун сом түшүп, Орусия менен товар алмашуу 8 миллион доллардан ашары болжолдонууда.

Ишкана өндүрүштүк газдан электр энергиясын өндүргөн уникалдуу технологияны колдонуп, анын аркасында парник газынын чыгышына бөгөт коюлат. Ошондой эле Бишкек ЖЭБинен чыккан күл да цементке иштетилип, экологияга пайда алып келет.

Завод Кыргызстанды тыштан цемент ташуудан куткарып, Чүйдөгү цементтин баасын 20%га түшүрөрү, анын аркасында турак жайлар да арзандай турганы айтылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM