Биз менен байланышыңыз

2024-жылдагы эс алуу күндөрдү иш күнгө которгон токтом кабыл алынды

Кыска кабар | 26 Дек 2023 | 1127 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «2024-жылдагы демалыш күндөрүн иш күнгө которуу жөнүндө» токтомго кол койду.

Токтомго ылайык, 1-январдан 7-январга чейин эс алуу күн болуп эсептелип, 2-январдагы иш күн 8-январга, 3-январдагы иш күн 27-январга, 4-январдагы иш күн 2-мартка, 5-январдагы иш күн 2-сентябрга которулат.

Андан тышкары 21-мартта Нооруз майрамдалып, ал эми 23-24-март демалыш күндөргө туура келгендиктен 22-март да эс алуу күн катары эсептелип, бул күн үчүн 8-апрель иш күн болуп саналат.

Ошондой эле 5-май Конституция күнү жекшембиге туш келе тургандыктан бул күндүн эс алуусу 6-майга которулмак. Бирок Өкмөт 1-май Эмгек күнү шаршембиге туш келерин, 4-май ишембиге туш келерин эске алып, 1-майдан 5-майга чейинки бардык күндү демалыш катары жарыялап, 2-май үчүн 6-майда иштөө, 3-май үчүн 11-майда иштөө чечимин кабыл алган.

Мындан тышкары 10-апрель Орозо айтка, 17-июль Курман айтка туш келери болжолдонууда.

Бул которуулар беш күндүк график менен иштеген мекемелерге тиешелүү болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM