Биз менен байланышыңыз

Министрлер кабинети 103 адамга Ардак грамота берди

Кыска кабар | 26 Дек 2023 | 254 | 0

Бүгүн, 26-декабрда Министрлер кабинетинин Ардак грамоталарын жана төраганын Алкыш каттарын тапшыруу салтанаты өттү.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш-чарага катышкандарды алган сыйлыктары жана келе жаткан жаңы жылы менен куттуктады.

«Сыйлык алуу — сыймык жана чоң кубаныч. Ар бир тармактан мыкты талапкерлер сунушталды. Өлкөдө болуп жаткан өзгөрүүлөргө ар бириңиздердин салымыңыздар бар. Биздин бүгүнкү жана эртеңки күнүбүз, балдарыбыздын келечеги ар бир жумушчунун, мугалимдин, врачтын, куруучунун, энергетиктин эмгегине, кошкон салымына жараша болот. Биз өнүгүү жолуна түштүк. Бизде биримдик, береке, билим жана күчтүү саясий эрк бар», — деди ал.

Министрлер кабинетинин Ардак грамотасы 103 адамга, төраганын Алкыш каты 43 адамга тапшырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM