Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев: Жүндөн жер семирткич алган завод курабыз

Кыска кабар | 26 Дек 2023 | 355 | 0

Кызматка кечээ дайындалган суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин милдетин аткаруучу Бакыт Төрөбаев министрликтин жамааты менен жыйын өткөрүп, бир катар пландарын айтып берди.

Төрөбаевдин айтымында, айыл чарбаны өнүктүрүү үчүн суу жана кайра иштетүү тармагын колго алуу керек болот. Ансыз дыйкан-фермерлердин эмгегинин акталышы кыйын.

Буга байланыштуу өндүрүмдү сактоо, экспорттоо үчүн Москва районунда ири ишкана ачылган. Жакынкы күндөрү мындай ишканаларды Ош, Баткен, Жалал-Абад, Балыкчы шаарларына, Ысык-Ата районуна ачуу мерчемделип жатат.

Андан тышкары жүн-тери иштетүүчү цехтерди, ушуга улай эле жүндөн жер семирткич ала турган завод ачуу каралууда.

Ысык-Атада 50 миң тонна картошканы иштете турган завод куруу планга киргизилген.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Балыкчыга канаттуулар фабрикасын салып беришерин билдирген.

Араванга текстиль заводун куруу үчүн 10 гектар жер бөлүнгөн. Ош, Жалал-Абадда пахта өстүрүү жолго салынып, өсүмдүк майын чыгаруу колго алынат.

Аны менен катар, ирригация тармагы кийинки жылдан тарта колго алынып, тышкы инвестициянын жардамы менен 4 БДР курулат, 367 млн сомго техника алынат. Ички чарбалык каналдар мамлекеттин карамагына өткөрүлүп, аларды оңдоп-түзөөгө каражат бөлүнөт. Суу тармагына бюджеттен жылына 2 млрд сомдон кем эмес акча каралып турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM