Биз менен байланышыңыз

Калкты тейлөө борборлору майрам алдында кандай график менен иштейт?

Кыска кабар | 26 Дек 2023 | 144 | 0

Калкты тейлөө борборлору (ЦОН) жана паспорт бөлүмдөрү 25-декабрдан 29-декабрга чейин кадимки режимде иш алып барат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Айтылган күндөрү өлкөнүн бардык тейлөө борборлору, паспорт бөлүмдөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин ачык болот. 20-ноябрдан бери пилоттук режимге өткөн Бишкек шаарынын Жибек Жолу проспекти, 381 дарегиндеги жана Нуркамал Жетикашкаева көчөсү, 29 дарегиндеги эки тейлөө борбору 28-декабрга чейин 8:00дөн 20:00гө чейин иштейт.

Чыңгыз Айтматов проспекти, 3 дарегиндеги «Азия Молл» соода борборунда жана Чүй проспекти, 41Б (Бишкек ЖЭБдин маңдайы) дарегиндеги «Глобус» соода борборунда жайгашкан тейлөө борборлору 30-декабрда 10:00дөн 19:00гө чейин, 31-декабрда 10:00дөн 18:00гө чейин иштейт.

Ал эми январь айынын иш графиги Министрлер кабинети бекиткен 2024-жылдын өндүрүштүк календарына ылайык кабыл алынат.

Учурда өлкө боюнча 36 ири жана 5 кичи тейлөө борбору иштеп жатат. Бишкек жана Ош шаарынын тургундары Early One тиркемеси аркылуу онлайн кезекке жазыла алышат. Андан тышкары «Түндүк» тиркемеси аркылуу 150дөн ашуун кызматты алууга болот.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги калкты документ тапшыруу же документ алуу иштерин 29-декабрга чейин бүтүрүүгө, КТБларга келүүдөн мурда 119 Call-борборунан кеңеш алып коюуга чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM