Биз менен байланышыңыз

Жаңы жыл майрамында тартипти 10 миңден ашуун ИИМ кызматкери көзөмөлдөйт

Кыска кабар | 26 Дек 2023 | 195 | 0

Бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаарынын эски аянтында ички иштер органдарынын гарнизондук-саптык кароосу өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Саптык кароого Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, ички иштер министри Улан Ниязбеков баштаган бир катар бийлик өкүлдөрү катышты.

Бул саптык кароо жаңы жыл майрамдары учурунда ИИМ кызматкерлеринин коомдук тартипти көзөмөлдөөгө, коопсуздукту камсыз кылууга даярдыгын текшерүү максатында жүргүзүлгөн.

Министрлер кабинетинин төрагасынын берген маалыматына караганда, ар бир милиция бөлүмүнө атайын камералар орнотулуп, кызматкерлер боди-камералар менен толук камсыз болгон. Акыркы эки жылда 300дөн ашуун транспорт сатып алынган. Быйылкы жылдын эсебинен 86 унаа алынган, анын 36сы келген, 50сү жакынкы күндөрдө келип калат.

Гарнизондук-саптык кароо салтанаттуу марш менен аяктады. Жаңы жыл майрамына карата 10 миңден ашуун милиция кызматкери 2023-жылдын 30-январынан 2024-жылдын 2-январына чейин күчөтүлгөн тартипте иштеп, коопсуздукту көзөмөлдөйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM