Connect with us

Президент: Биз макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылдык

Кыска кабар | 26 Дек 2023 | 284 | 0

Биргелешкен аракеттердин аркасында биз макроэкономикалык туруктуулукту жана каржы системасынын бекемдигин камсыз кылдык. Биримдиктин экономикасы жаңы шарттарга ийгиликтүү ыңгайлашып, туруктуу өсүү траекториясына чыкты. Мындай пикирин Президент Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарында өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында билдирди.

Кыргызстандын мамлекет башчысы ЕАЭБ алкагында кандай жетишкендиктер болгонун санап өткөн:

  • Бардык багытта биримдиктин андан аркы интеграциясы камсыз кылынды;
  • Макроэкономикалык туруктуулук, каржы системасынын бекемдиги камсыз кылынды;
  • Биримдиктин экономикасы жаңы шарттагы туруктуу өсүү жолуна чыкты;
  • Азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө, өздүк өндүрүштү өнүктүрүү боюнча биргелешкен аракеттер уланууда;
  • Кооперациялык кызматташтык жолго салынууда;
  • Ич ара сооданын жалпы көлөмүндө товарлардын салмагы 2022-жылы 38%га чейин өстү;
  • Ич ара соодада улуттук валюталардын үлүшү көбөйүүдө;
  • Электрондук соода активдүү темп менен өнүгүүдө, Биримдикке мүчө мамлекеттерде электрондук сооданын жалпы көлөмү 2022-жылы 80 миллиардга жакын АКШ долларын түздү; жалпы чекене электрондук сооданын үлүшү өлкөгө жараша 2%дан 12,5%га чейин өзгөрөт.

Аны менен катар дүйнөдө экономикалык болжолдоолор анчалык жакшы эмесин, кийинки жылдарда өсүү темпи төмөндөшү мүмкүндүгүн, дүйнөдөгү катаал шарттардын, тышкы суроо-талаптын төмөндөшүнөн улам инфляциялык басым күчөй турганын эскертип, эмнелерди аткаруу керек экенине токтолгон:

  • Биримдиктин интеграциялык процесстерин тереңдетүү боюнча биргелешкен ишти улантуубуз зарыл.
  • Тездик менен өзгөрүп жаткан глобалдык тренддер жана чакырыктар Биримдикти узак мөөнөттүү өнүктүрүүнүн стратегиялык документин тез арада даярдоо жана кабыл алуу зарылдыгын талап кылууда.

Ошондой эле ЕАЭБ алкагында 2030-2045-жылдар аралыгында экономикалык процесстерди өнүктүрүү жөнүндө» Декларациянын долбооруна сунуштарын берген:

  • Декларацияны ишке ашыруу үчүн Жол картасын иштеп чыгууда товарлардын, жумушчу күчүнүн, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана капиталдын эркин жүрүүсүн камсыз кылуу бөлүгүнө кылдат мамиле кылуу маанилүү;
  • Бул багытта Биримдик аралык сооданын алкагында товарлардын эркин жүрүү принцибин жүзөгө ашыруу механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароо зарыл.
  • Көзөмөл органдар бизнестин эң баалуу ресурсу убакыт экенин так түшүнүшү керек: ушуга байланыштуу негиз болуучу документтердин деңгээлинде бардык ченемдик боштукту жана Биримдиктин укугунда каралбаган көзөмөлдөнбөгөн жашыруун түрлөрүн колдонуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарышыбыз керек.
  • ЕАЭБде навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашуунун максаттарына жетүү үчүн навигациялык пломбалар астында жүрүүчү Биримдиктин товарларына тыкыр кароо иш-чараларын жүргүзүүгө жол бербей турган ченемдерди бекитишибиз керек, башкача айтканда, тыкыр кароо иш-чараларын товарлар жеткирилген жерде гана жүргүзүшүбүз керек;
  • Товарларды өткөрүүдө көзөмөл органдардын ашыкча кийлигишүүсүн азайтуу үчүн Биримдиктин товарларын көзөмөлдөө жана маркировкалоо системасын толук кандуу ишке киргизишибиз керек.

Булардан тышкары Биримдик аралык соодада эске ала турган жагдайларды, бул жаатта Кыргызстан кандай иштерди жасап жатканын баяндап берген.

Мамлекет башчысынын сөзүн толугу менен president.kg  сайтынан окуй аласыз.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM