Биз менен байланышыңыз

Токаев тамак-аш коопсуздугу жаатындагы санкцияларды сындады

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Дек 2023 | 385 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев дүйнөдөгү тамак-аш коопсуздугун камсыздоого санкциялар жолтоо болуп жатканын айтты. Ал тамак-ашка муктаж өлкөлөргө ЕАЭБ өлкөлөрүнөн азык-түлүк экспорт кылууга тоскоолдуктар бар экенин Евразия экономикалык кеңешинин жогорку жыйынында билдирди.

«Тамак-аш коопсуздугун камсыз кылууда геосаясий тоскоолдуктар пайда болуп, санкциялар биринчи орунга чыкты. Натыйжада азык-түлүккө муктаж өлкөлөр кыйналып жатат. Адистердин пикиринде, ЕАЭБ өлкөлөрү 600 млн адамды багууга кудурети жетет», — деп билдирген Токаев.

Токаевдин айтымында, ЕАЭБ өлкөлөрү өзүн-өзү азык-түлүк менен камсыздоонун эң жогорку даражасына жеткен. Бирок ошого карабай бул өлкөлөрдүн дүйнөлүк базардагы айыл чарба өндүрүмдөрүнүн экспортунун үлүшү дагы деле төмөн бойдон калууда. Тактап айтканда, 2%дан ашыгыраак.

Белгилей кетсек, Орусияда кечээ Евразия экономикалык кеңешинин жогорку жыйыны болуп өттү. Ага Кыргызстан, Казакстан, Белорусия, Орусиянын президенттери жана Армениянын өкмөт башчысы катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM